Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык мурдагы чалгынчы: АКШ оңтою келе калса эле Украинадан кетет

Эгерде Вашингтон Киевди ошончолук эле сүйүп турса, азыр Украинада болуп жаткандай кырдаалга жол бермек эместигин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары оңтою келе калса эле Украинадан кетет, украиналыктар үчүн Вашингтондун башы да оорубайт. Бул тууралуу АКШнын мурдагы чалгынчысы Скотт Риттер айтканын RT жазды.
“Көзүңөрдү ачканга уруксат этсеңер айтайын... Бизге Украинада эмне болуп жатканы баары бир, украиналыктар бизге жакпайт”, — деген ал Danny Haiphong YouTube каналына маек берип жатып.
Эгерде Вашингтон Киевди ошончолук эле сүйүп турса, азыр Украинада болуп жаткандай кырдаалга жол бермек эместигин кошумчалаган.
Эксперт Америка Кошмо Штаттары Афганстандагысын кайталап, Украинадан да качып кетет деген пикирин айткан.
Буга чейин Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина тагдырына башка мамлекеттер каалагандай калчап чечип койгон бактысыз, байкуш өлкө экендигин айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык мурдагы чалгынчы Украина согуштан эки абалда гана чыгарын айтты