БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын Композиторлор союзу менен биргиликте "Оркестр үчүн чыгармалар" сынагын жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Композиторлор арасында жарыяланган сынак президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө" жана "Улуттук нарк" жарлыктарын жүзөгө ашыруунун алкагында ишке ашууда.
Сынактын байге фонду эки миллион сомду түзөт.
Конкурска төмөнкү жанрдагы чыгармалар кабыл алынат:
чоң симфониялык оркестр, камералык оркестр, эл аспаптар оркестри жана фольклордук ансамблдер (ансамблдин курамы 12 аспапчыдан кем болбошу шарт) үчүн 5-6 мүнөттөн ашпаган чакан чыгармалар менен катыша алат. Мисалы: күү, вальс, романс, ноктюрн, юмореска жана башка;
чыгармаларды көрсөтүү үчүн иллюстратор-музыканттар катышат, алардын иши бекитилген сметага ылайык каржыланат (болжолдуу көлөмү 40-60 киши оркестрде катышат).
Сынакка катышуу үчүн:
катышууга арыз жазуу (анда чыгарманын аталышы, автордун өздүгүн тастыктаган документтер көрсөтүлөт);
аткарыла турган чыгармалардын программасы;
чыгармалар кол жазма жана электрондук түрдө, оркестрлер үчүн аспаптык партиялары кошо тапшырылат;
сынакка акыркы беш жыл ичинде жарык көргөн же жаңы жазылган эмгектер кабыл алынат.
Арыздар 2023-жылдын 30-ноябрына чейин Бишкек шаары, Раззаков, 50 дарегинде кабыл алынат. Ошондой эле kompozitory@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүүгө болот.
Сурап-билүү номерлери:
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги: +996 312 66-11-28;
Кыргызстандын композиторлор союзу: 66-43-04, 0773 71-23-15.