Радио

Ишенапысова: кызамыкка каршы эмделген энелердин балдарында иммунитет болот

Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кызамык жугузуп алгандан кийин саламаттыкка кандай кооптуулуктар жараларын айтып берди.
Sputnik
Кызамыкка каршы эмделген энелердин чүрпөлөрүндө жети айга чейин ага каршы иммунитет болот. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган оору бир жашка чейинки бөбөктөрдө өзгөчө кооптуу.
"Кызамык — кооптуу илдет, ал аба менен жугат. Илдетти илештирип алган бала менен бир бөлмөдө болсо, эки саатта эле жугуп калат. Кызамык мээни сезгентип, майып кылып, ал тургай өлүмгө дагы алып келүүчү дарт. Мунун алдын алуучу бирден-бир аракет — эмдөө, ошондуктан андан баш тартпаш керек. Эгерде кызамык сасык тумоо менен бир учурда жугуп калса өтө кооптуу жагдай жаралат. Тобокелдиктеги топко балдар, көбүнчө окуучулар кирет. Өзгөчө бир жашка чейинки наристелер көбүрөөк коркунучта. Бирок энеси кызамыкка каршы эмдөө алса, анда ымыркай жети айга чейин корголуп турат. Башталганда дене табы көтөрүлүп, сасык тумоо сыяктуу эле башталат. Ошондуктан көптөр өтүп кетет деп ооруканага, дарыгерлерге барбай отура беришет. Көзү кызарып, жөтөл башталат. Этинин ысыганы түшпөй, кыйнала баштайт", — деди Ишенапысова.
Ошондой эле ал кызамыкка каршы эмдөө программасынын алкагында дарыгерлер дагы окутулаарын кошумчалады.