Көчөдө калгандарды батырышат. Бишкекте атайын жайлар иштей баштады

Баш калкалоочу кийинки жылдын 1-апрелине чейин иштемекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштаганын мэрия кабарлады.
Туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсү, 1а дареги боюнча жайгашкан. Ал 82 орунга ылайыкталган.
1 / 2

Туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсү, 1а дареги боюнча жайгашкан

2 / 2

Ал 82 орунга ылайыкталган

“Бул жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, бөлмөлөр акталып, сырдалып, эшик-терезе коюлуп, чатыры жылууланды. Баш калкалоочу жайда муздаткычтар, плазмалык телевизор, бардык бөлмөдө аристон, кир жуугуч автомат машина, сенсордук плитка жана башка керектүү оокаттар бар”, — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Октябрь РИИБдин социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери бекитилген.
Баш калкалоочу жайлар 1-ноябрдан 1-апрелге чейин иштемекчи.
Кыргызстанда зомбулук көргөн аялдарга мамлекеттик кризистик борбор ачуу пландалууда