Автомашина менен жарышкандар инспекторлорго баш ийбей... Ызы-чуунун видеосу

Ээнбаштар "Манас" аэропортунун жолунан өткөндөргө тоскоолдук кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Түндө "Манас" аэропортунун жолун жеңил унаа менен жарышкандар жаап алып, ары-бери каттоого тоскоолдук кылышкан. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов билдирди.
Ибрагимов окуя болгон жерге жол милициясынын экипажы келгенде да ээнбаштар баш бербей, каршылык кылышканын айтты.
Чүй ЖКККББ кырдаал жетекчиликтин көзөмөлүнө алынганын, эреже бузгандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
Жол инспекторунан акча алып... Кыргызстанда блогер аял кармалды