БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Улуттук банк адистерди жумушка чакырып, Ош жана Жалал-Абад региондору боюнча вакансиялардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, төмөнкү бош кызмат орундары бар:
Жалал-Абад облустук башкармалыгынын эсеп боюнча жетектөөчү адиси;
Жалал-Абад облустук башкармалыгынын акча жүгүртүү бөлүмүнүн башкы адиси;
Ош облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнө адис;
Финансылык тобокелдиктерди контролдоо бөлүмүнө адис.
Документтер 2023-жылдын 16-ноябрына чейин кабыл алынат.
Жумуш тууралуу кененирээк маалымат Улуттук банктын сайтында www.nbkr.kg жарыяланган.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү даректер аркылуу кайрылууга болот:
Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын персонал менен иш алып баруу бөлүмү, (0312) 61-10-21, (0312) 66-90-18;
Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облустук башкармалыгы, (03722) 5-40-23, 0557 55-16-10;
Ош шаары, Ош облустук башкармалыгы, (03222) 4-81-93, 0552 02-14-10.