Адам өмүрлөрүн алган жер титирөө. Садыр Жапаров Непал президентине көңүл айтты

АКШнын Геология кызматы жер титирөөнүн магнитудасы 5,6га жетип, тереңдиги 18 чакырымда экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Непалдын башчысы Рам Чандра Пауделге жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, жер 4-ноябрга караган түнү силкинип, кеминде 128 адамдын көз жумганы айтылган.

"Непалда болуп өткөн зилзаланын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылгандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Непал элине, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм. Биз мындай оор мезгилдеги орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат телеграммада.

Тарап жаткан маалыматтарда кырсыкка тоолуу жерде жайгашкан айыл-кыштактар кабылганы белгиленген. Бийлик набыт болгондор мындан да көп катталышы мүмкүн экенин, байланыш үзгүлтүккө учурап жатканын айтты.
АКШнын Геология кызматы жер титирөөнүн магнитудасы 5,6га жетип, тереңдиги 18 чакырымда экенин билдирди. Эпиборбору Катмандудан түндүк-чыгышты карай 400 чакырым алыстыкта жайгашкан Жаджакортада болуп чыкты.
Сейсмолог Түркия ири зилзала болчу этапка кирип баратканын эскертти