Путин менен Си Цзиньпин бир сокку менен эле АКШны жеңип алды

Саясат таануучу эки лидердин аргументациясы бүтүндөй дүйнөнүн, АКШ ичинде да, өзгөчө жаңжалдын токтошуна кызыкдар болгон америкалык еврейлердин колдоосуна ээ болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Газа секторундагы ХАМАС менен Израилдин ортосундагы жаңжалда АКШнын кетирген катасын көзгө сайып көрсөтүп Россия президенти Владимир Путин менен Кытай лидери Си Цзиньпин бүтүндөй дүйнө жүзүнүн колдоосуна ээ болду. Бул тууралуу америкалык саясат таануучу Жон Миршаймер Judging Freedom YouTube каналында Нью-Жерсинин Жогорку сотунун экс-судьясы Эндрю Наполитано менен маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Экөө палестиналыктар менен израилдиктердин чырын жөнгө салуу боюнча негизги жоопкерчиликти артынган АКШнын аракети ишке ашпай калганын ачыктап беришти. Биз чынында жеңилип калдык", — деген саясат таануучу.
Миршаймердин айтымында, Пекин менен Москва дүйнө коомчулугу жаңжалды жөнгө салуу процессине көбүрөөк аралашса азыркыдай кырдаалды алдын алууга болот эле деген позицияда. Мындан тышкары, эксперт Россия менен Кытай жакында эле болгон эскалациядан кийинки Вашингтондун айрым туура эмес аракеттерин да жаңжалдын узарышына себеп экенин белгилеп жатышканын айтты.
"Тирешүүнү басууга аракет кылып, израилдиктерди тынчтантып, убактылуу болсо да тараптарды келиштирүүгө кадам жасоонун ордуна биз отко май чачып, ансыз да оор абалды ого бетер татаалдаштырып жатабыз", — деген Миршаймер.
Саясат таануучу мындай аргументация бүтүндөй дүйнөнүн, АКШ ичинде да, өзгөчө жаңжалдын токтошуна кызыкдар болгон америкалык еврейлердин колдоосуна ээ болуп жатканын белгиледи.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 9 миң кишиге жетип, 32 миңден көбүрөөк адам жаракат алганы айтылды. Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумганы, ар кыл эсептер боюнча 150 израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылууда.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Небензя: АКШ менен Израиль Газанын тургундарын тукум курут кылуу ниетинде