УКМК пара алды деп сот аткаруучуну кармады

Шектүү өлкө аймагынан чыгууга коюлган чектөөнүн алынышына колдоо көрсөтүү үчүн акча талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. УКМК Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызматынын Т.Н.Ж. аттуу адиси пара алууга шектелип кармалганын кабарлады.
Маалыматта анын Б.И.М. аттуу жарандан өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселесинин оң чечилиши үчүн 45 миң сом өлчөмүндө акча талап кылганы айтылат. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген акча каражаты табылган.
Натыйжада Т.Н.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү административдик, жарандык жана жазык иштери боюнча айыптарды, тиешелүү мамлекеттик алымдарды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуучу жападан жалгыз мамлекеттик орган экенин эскертип, системалуу мүнөздөгү мындай фактыларды документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чаралар улантыларын белгиледи.
УКМК: Бишкекте милиционерлер пакистандыктардан сойкулук боюнча пара алган