Кыргызстанда насыянын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Өлкөдө кредиттин көлөмү туруктуу өсүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстандын банктарында насыянын көлөмү 244 миллиард 294,9 миллион сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук банк жарыялады.
Бул — рекорддук көрсөткүч. Буга чейин эң жогорку көрсөткүч августтун соңунда катталып, анда 239 миллиард 886,6 миллион сомго жеткен эле.
Улуттук банктын маалыматын талдап көрсөк, анда кредит портфелинин өсүшү негизинен улуттук валютадагы насыянын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болгонун көрүүгө болот.
Өткөн жылдын аягында насыя 200 миллиард сомдук чектен өтүп, 204 миллиард сомго жеткен.
Улуттук банк адистерди жумушка чакырат