Каза болгон карылардын мүлкүнө документ жасап, сатып жүргөндөр кармалды

Учурда кылмышка тиешеси бар делген мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik.УКМК каза болгон жалгыз бой карыялардын кыймылсыз мүлкүнө документ жасап, андан соң сатып жүргөн жеке нотариус менен анын жардамчысын кармады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр Жер ресурстары кызматынын (мурдагы “Кадастр”) кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, каза болгон жалгыз бой карыялардын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды чогултушкан.
“Алардын тууган-туушканы менен мураскерлеринин жоктугун аныкташкан. Андан кийин мүлктү сатуу үчүн жеке нотариус менен Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте документтерди жасалмалашкан”, — деп айтылат маалыматта.
Кыймылсыз мүлк сатылган соң акча кылмыштуу схемага тиешеси бар адамдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, жеке нотариус К.А.Т. жана анын жардамчысы Дж.Р.Дж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар делген мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, анын ичинде Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматындагыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.
УКМК пара алды деп сот аткаруучуну кармады