Газа секторундагы качкындар турган жерге сокку урулду. Видео

ЖМКлар Аль-Заид мектебинде жайгашкан борбор БУУга тиешелүү экендигин жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Израилдин армиясы Газа секторундагы качкындар турган жерге сокку урду. Анда жабыркаган ондогон адам ооруканага жөнөтүлгөнүн "Звезда" басылмасы Al-Qahira ai-Ihbariya телеканалына шилтеме берип жазды.
Аль-Заид мектебинде жайгашкан борбор БУУга тиешелүү экендиги айтылды.
ХАМАС кыймылы буга Израилди шыкактаган АКШ администрациясы менен Жо Байденди айыптап жатат.
Израиль армиясы (ЦАХАЛ) окуя боюнча комментарий бере элек.
Ливандык кыймылдын катчысы: "Хезболла" менен Израиль ортосунда согуш чыгышы мүмкүн