Депутаттар бала бакчадагы тамак-аш мамлекетке жүктөлө турган мыйзам иштеп чыкты

Жакында эле "Билим берүү мыйзамына" өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, бала бакчалардагы ысык тамактын акчасы ата-энелерге жүктөлгөн. Буга чейин тамак-ашты мамлекет камсыздап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 18 депутаты бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Буга чейин Финансы министрлигинен президенттик аппаратка жөнөтүлгөн кат соцтармакта тараган. Анда "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жоболоруна шилтеме берилип, бала бакчалардагы тамак-аш ата-энелердин эсебинен берилиши керектиги жазылган. Кийинчерээк министрлик маалыматты тастыктаган.
Сунушталган мыйзамда эл өкүлдөрү бул норманы күчүн жоготту деп таанууну сунуштады.
Буга чейин парламентте бул мыйзам долбоору иштелип жатканы айтылган.
"Жакында кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоо ата-энелерге жүктөлсүн дегени камтылып калыптыр. Ошол норманы алуу боюнча азыр Социалдык комитетте иштеп жатабыз. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, бала бакчада тамак берүү системасын ата-энелерге жүктөбөй, кайрадан мамлекетке алуу сөзсүз түрдө ишке ашат", — деген демилгечи депутаттардын бири Мирлан Самыйкожо.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кечээ Бишкекте өткөн форумда "бала бакчаларга бардар үй-бүлөнүн балдары барат, анда эмне үчүн эл байлардын балдарынын тамак-ашына каражат төлөшү керек" деген пикирин билдирген.
Ала-Букада мугалим окуучусуна 17 ирет ийне сайган. Окуя териштириле баштады