БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин таш түшүрүлө турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматта таш жол тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин (ишемби жана жекшембиден тышкары) кулатылары айтылды. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен жүрмөкчү.
Мекеме сапарга чыга турган айдоочуларды каттамды алдын ала пландап алууга чакырды.