"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бала чагынан бери келе жаткан үй-бүлөлүк жарааты кыйнаган келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Менин жашым 30да, үй-бүлөм бар. Бирок бала чактан калган психологиялык сезимден арыла албай койдум. Кичинемде атам көп ичип, үйгө эки күндүн биринде мас болуп келчү. Ал киши ичип келген күнү биз үйгө түнөчү эмеспиз. Апам, бир туугандарым болуп огороддогу чөптүн арасына жашынчу элек. Атам болсо түн бир оокумга чейин издеп, анан тынчып калчу. Алгач апам акырын барып карап, анан күйөөсүнүн уктап калганына толук көзү жеткенде гана бизди алып барып жаткырчу. Кээде аркы көчөдө жашаган таежемдикине барып түнөп калчубуз. Атам андан корккондуктан масында да барчу эмес. Ушул күндөрдү эстесем бир чети күлкүм, бир чети ыйлагым келет. Атам балдарын урчу эмес, бирок "апаң кана" деп кечке суракка алып, жанына отургузуп алып ар кайсыны айта берчү. Апамды кээде чаап жиберчү, көбүнчө өткөн-кеткенди айтып, психологиялык жактан эзе берчү эле. Ушунчалык жемекор адам болчу. Ал эми соосунда унчукчу эмес. Бирок апамды каарып, тилдеп жиберчү. Атам менен апамдан бир да жолу мактоо сөз уккан жокмун. Апам жок дегенде көзү жайнап мотивация берчү эмес. Көрсө, мен ошого зар болуптурмун. Бирок байкуш апам балага мотивация берүүнү, мактоо керектигин деле билбесе керек. Атам болсо биз эмес өзүнүн дүйнөсү менен жашачу. Бизден өткөн бала болуп кетчү. Андан эч нерсе күтчү эмеспиз. Болгону ичип кыйнабаса, биз үчүн бакыт ошол эле.
Азыр масты көрсөм башкалар маани бербесе деле мен туталана берем. Коркпойм, бирок ошол кишиге барып кыйкырып, ичимдеги ал жөнүндөгү оюмду айтып салгым келет. Эмнеге билбейм. Анан да өзүмдү баалай албайм. Көп учурда башкалардын оюна ооп кетем же өзүмдү сындап, жей берем. Ушунун баары менин бала чактагы жараатыманбы деп эсептейм. Кайын журттабы же жумуштабы, башкаларга өтө "ыңгайлуу" адаммын. Муну да кеч түшүндүм. Анткени ичимдеги жеке конфликтиден, өзүмдү жерий бергенден тажап кеткендиктен акыркы алты айда өзүмдү абдан анализдедим. Жыйынтыгында ушундай кемчиликтеримди таптым. Өзүмө болгон бааны кантип көтөрсөм болот? Бирөөлөргө көңүл бурбаганга, кыжырданбаганга кантип үйрөнөм? Жолу барбы?
Психолог Гүлнара Жасоолова: — Ар бир адам ата-энелик милдетин билиши керек. Ата-эне баланын муктаждыктарын аткарбаса, баласын укпаса же толук баш ийүүнү талап кыла берсе, сөзсүз өзүн кемсинткен адам өсүп-чоңоёт. Бул баланын өнүгүшүнө, башка кишилер менен мамиле түзүүсүнө тоскоол болот. Мындайча айтканда, анын моралдык-психологиялык абалы начарлайт. Бала канча жашка чыкса да "мени эч ким көргөн жок, баалабады, жакшы мамиле көрбөдүм" деген сезимдер менен чоңоёт. Өзүн кемсинткен ой коштоп жүрөт. Ата-эне деле аны убагында түшүнгөн эмес. Азыр аларды күнөөлөгөндөн пайда жок. Эми "өзүмдү баалоом начар болуп жатат, ушуну оңдошум керек" деп аракет кылсаңыз болот. Анда сөзсүз психолог менен иштешүү кажет. Адамдын бала чагынан алган психологиялык жарааты өзү ата-эне болгондо баласын тарбиялоого да чоң залакасын тийгизет.