Акылбек Жапаров Бишкектеги медициналык мекемелерди кыдырды. Сүрөт

Өкмөт башчы саламаттыкты сактоо мамлекеттик саясаттын негизги социалдык багыттарынын бири экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарындагы бир катар медициналык мекемелердин иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна барып, жакында сатып алынган медициналык жабдууларды да көрүп чыккан. Буга чейин республикалык бюджеттен борборго 24 медициналык жабдуу алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине 80 миллион сом бөлүнгөн болчу.
1 / 7

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарындагы бир катар медициналык мекемелердин иши менен таанышып чыкты.

2 / 7

Өкмөт башчы Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна барып, жакында сатып алынган медициналык жабдууларды да көрүп чыккан.

3 / 7

Буга чейин республикалык бюджеттен борборго 24 медициналык жабдуу алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине 80 миллион сом бөлүнгөн болчу.

4 / 7

Жапаров саламаттыкты сактоо мамлекеттик саясаттын негизги социалдык багыттарынын бири болсо, медициналык мекемелерди заманбап жабдуу менен камсыз кылуу, калкты сапаттуу медициналык тейлөө — Саламаттык сактоо министрлигинин негизги максаты болуп саналарын билдирди.

5 / 7

Ошондой эле өкмөт башчы Улуттук госпиталдын магниттик-резонанстык томография аппаратынын ишин көрдү.

6 / 7

Аппарат илдеттин оордугуна жараша суткасына орточо 10-15 адамды текшере алары айтылды.

7 / 7

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Жапаров саламаттыкты сактоо мамлекеттик саясаттын негизги социалдык багыттарынын бири болсо, медициналык мекемелерди заманбап жабдуу менен камсыз кылуу, калкты сапаттуу медициналык тейлөө — Саламаттык сактоо министрлигинин негизги максаты болуп саналарын билдирди.
Ошондой эле өкмөт башчы Улуттук госпиталдын магниттик-резонанстык томография аппаратынын ишин көрдү. Аппарат илдеттин оордугуна жараша суткасына орточо 10-15 адамды текшере алары айтылды. МРТ аппараты Дүйнөлүк банктын грантынын алкагында 1,1 миллион долларга сатып алынган.
Сүлүктүгө маданий борбор куруу үчүн 51,7 млн. сомго конкурс жарыяланды. Эскиз