Радио

Министрлик: айыл чарба техникасынын лизингин 10 млрд. сомго жеткирүү зарыл

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл дыйкандар үчүн татаал жыл болгонун белгилеп, кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү жылдагыдан беш центнерга аз алынганын маалымдады.
Sputnik
Дыйкандар сугат сууну үнөмдөй турган технологияларды пайдаланып, тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өтпөсө сугат суу көйгөйү толугу менен чечилбейт. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда буга өтүү үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү шарттар түзүлүп, жеңилдетилген шартта лизинг берилүүдө.
"2023-жыл дыйкандарга бир топ кыйынчылык туудурган кез болду. Учурда оруп-жыйноо иштери жыйынтыкталды. Кылкандуу дан өсүмдүктөрү жылдагыдан беш центнер аз алынганы менен калгандары жакшы болду. Буга чейин ирригацияга бөлүнгөн каражат ийгиликтүү өздөштүрүлбөгөндө, быйыл сугат суу боюнча көйгөй мындан дагы курч болмок. Быйыл дагы былтыркыдай деңгээлде иштер жасалууда. Келечекте 64 чоң суу сактагыч куруу зарыл. Мына ошолорго топтолгон суу дыйкандарга берилет. Бирок дыйкандар сугат сууну үнөмдөй турган технологияларды пайдаланып, тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өтпөсө көйгөй толугу менен чечилбейт. Бул үчүн дыйкандарга жеңилдетилген шартта лизингге сугат суу үчүн жабдыктарды алууга мүмкүндүк бар. Ошондой эле былтыр бир катар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жаңыртууга мүмкүндүк болду. Түшүмдүүлүктү жакшыртууга өбөлгө болуучу дагы бир тармак — бул айыл чарба техникаларын жаңылоо. Былтыр үч миллиард сомго техника берилсе, быйыл бул көрсөткүч төрт миллиардга жетти. Эмдиги жылы беш миллиардга жеткирип, кайтарылган каражаттын негизинде айыл чарба техникаларына берилүүчү каражатты 2025-2026-жылдарда 10 миллиардга жеткирүү зарыл. Ансыз учурдагы техниканын жарымы 40 жылдан жогору эксплуатацияланып келе жатат. 25 пайызына 30 жыл болду. Болгону 11 пайызы 10 жыл мурун чыккандар", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле ал малды асылдандыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилип жатканын кошумчалады.