5-ноябрга карата аба ырайы

5-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +16...+21, Талас жергесинде +15...+20, Ош, Жалал-Абад облустарында +17...+22, Баткенде +16...+21, Ысык-Көл менен Нарында +11...+16 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +18...+20, Ошто +20...+22 градуска жетет.
Боомдо 6-ноябрдан тарта таш түшүрүлүп, каттамга чектөө киргизилет