БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Украина АКШдан улам тышкы каржылоо жаатында көйгөйгө тушугат, ал мамлекеттин 2024-жылдагы бюджетинин долбоорунда жаралат. Мындай маалыматты РИА Новости Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железнякка таянып жазды.
Кечээ украиналык дагы бир депутат Алексей Гончаренко алардын өкмөтү толукталып, бекитилген 2024-жылдын мамлекеттик бюджетинин долбоорун парламентке алып киргенин билдирген.
"Тышкы каржылоодон 1,9 миллиард долларды азайттык: 42,9 миллиарддан 41 миллиардга түштү. Тышкы каржылоо боюнча көйгөй эми пайда болду, бул биринчи иретте АКШдан улам жаралды, ал 2024-жылдын бюджетинде сезилет", — деген Железняк өзүнүн Telegram каналында.
Украина премьери Денис Шмыгаль 15-сентябрда Киевдин өкмөтү 2024-жылдын бюджетин рекорддук көрсөткүчтөгү аскердик чыгымдар менен кабыл алгандыгын, ал 45,6 миллиард долларды чапчыганын айткан. Салыштыра келгенде сумма социалдык тармактан, медицина менен билим берүүгө бөлүнгөн акчадан ашып кеткен.
Аталган өлкөнүн финансы министри Украинанын 2024-жылдын бюджетиндеги коопсуздук жана коргонуу тармагына 48 миллиард доллардан да көп сумманы камтып, ИДПнын 23 пайызын түзгөнүн билдиришти.