Түрк мамлекеттери уюмунун кийинки саммити Кыргызстанда өтмөй болду

Астанадагы саммитте 12 документке кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги 11-саммити Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.
Мындай чечимди уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Астанада өткөн саммитте кабыл алышкан. Жыйында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашып, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышты. Жалпысынан президенттер 12 документке кол коюшкан.
Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде кол коюлган документтер. Тизме