Токаев: азыркыдай чалкеш дүйнөдө түрк элдеринин биримдигин бекемдөө маанилүү

Казакстан башчысы Астанада 2024-жылы Уюмдун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын III жолугушуусун өткөрүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Учурдагыдай тынч болбой турган заманда түрк элдеринин биримдигин бекемдөө жалпы коопсуздуктун кепилдиги катары кызмат кылат. Бул туурасында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттери уюмунун юбилейлик X саммитинде айтты.
"Дүйнө тынч эмес. Эл аралык кырдаал туруктуу болбой келет. Азыркыдай чалкеш дүйнөдө биздин жалпы коопсуздугубузга кепилдик катары кызмат өтөй турган түрк элдеринин биримдигин бекемдөө өтө маанилүү", — деп айтты ал саммитте.
Президент дүйнөдө курал-жарак жана баңгизаттардын соодаланышына, террорчулукка, экстремизмге, миграцияга байланышкан көйгөйлөр көбөйүп жатканын кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө түрк мамлекеттеринин кооптуулуктар менен көйгөйлөргө каршы биригиши, бири-бирине өз ара колдоо көрсөтүп, биргелешкен майнаптуу чараларды кабыл алуу абдан маанилүү", — деген Токаев.
Ал Астанада 2024-жылы Уюмдун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын III жолугушуусун өткөрүүнү сунуштады.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө аталган уюмдун алкагында финансылык иликтөөлөрдү жүргүзгөн органдардын өз ара иштешүүсү боюнча макулдашууга кол коюу зарылдыгын айтты.
Иш-чара "Түрк доору" аттуу ураандын алдында өтүп, анда эл аралык саясат жана өз ара аймактык кызматташуу талкууланды.
Саммиттин жыйынтыгы менен Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттер тарабынан 12 документке кол коюлду. Алардын ичинде Астана актысы, Түрк мамлекеттеринин уюмунун X саммитинин декларациясы, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйлоо чечими жана башка документтер кирет.
Түрк мамлекеттери уюмунун кийинки саммити Кыргызстанда өтмөй болду