Жапаров Жалал-Абадды түрк дүйнөсүнүн туристтик аймагы деп жарыялоону сунуштады

Саммиттин кийинки 11-жыйыны Кыргызстанда өтмөй болду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкө башчыларынын X саммитинде сүйлөп жатып 2025-жылы Жалал-Абад облусун түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Астанада өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкө башчыларынын X саммити
Жапаров Жалал-Абад Улуу Жибек Жолунун бир бутагында жайгашканын эске салды.
"Биз уюмдун ишенимдүү өнүгүшүнө, түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы конструктивдүү жана жемиштүү кызматташтыкты, достук жана ынак коңшулук мамилени чыңдоого өз салымыбызды кошууга ар дайым даярбыз", — деди өлкө башчы.
Ал ошондой эле Кыргызстан 2024-жылы ТМУнун кезектеги жыйынын өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Натыйжада уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары 11-саммитти КРде өткөрүү чечимин кабыл алышты.
Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде кол коюлган документтер. Тизме