Россиянын кызыкдар өнөктөштөр менен пайдалуу кызматташууга ачык экени айтылды

Өзбекстанда өтүп жаткан иш-чаранын катышуучуларына Путиндин кайрылуусун РФтин вице-премьери Алексей Оверчук окуп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Россия кызыкдар болгон өнөктөштөр менен конструктивдүү биргелешкен кызматташуу үчүн ачык. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Верона Евразиялык экономикалык форумдун катышуучуларына жасаган кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
Өзбекстанда өтүп жаткан иш-чаранын катышуучуларына мамлекет башчынын кайрылуусун Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук окуп берген.
“Инновация искусствосу” деген ураан астында өтүп жаткан азыркы форумда жаңы технологияларды тереңдетүү, башкаруу ыкмаларын жана инвестициялык моделдерди иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун ар кандай аспектилери, транспорт жана логистикалык инфраструктура каралат”, — деп окуп берген Путиндин кайрылуусун Оверчук.
Мындан сырткары, өзү РФтин өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экендигин билдирген.
“Мен бул багыттар боюнча Россия кызыкдар өнөктөштөр менен конструктивдүү, өз ара пайдалуу биргелешкен иш үчүн ачык экенин ырастагым келет”, — деген мамлекет башчысы Путин.
Бизнестин, каржы институттарынын өкүлдөрү, саясий жана коомдук ишмерлер, дипломаттар Чоң Евразия мейкиндигинде өнөр жай жана технологиялык кызматташтыктын келечегин талкуулашмакчы. Жаңы техникалык революциянын маселелери, ааламдагы ажырым күчөп жаткан учурда климат жана жаратылыш ресурстарын сактоо проблемасы да көңүл сыртында калбайт.
Форумду Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин көмөгү менен “Understanding Eurasia” коммерциялык эмес бирикмеси (Италия) уюштурууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР башчысынын кеңешчиси: Киевге жардамын уланта берүү НАТО үчүн оор жүк болууда