Соцтармакта Палестинага жихадга чакырышууда. УКМК жоопкерчилик тууралуу эскертти

Атайын кызмат Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышкан же террордук даярдыктан өткөндөргө кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. УКМК палестин-израилдик куралдуу кагылыштын фонунда социалдык тармактарда жана интернет-колдонуучулар арасында Палестинада жихад кылууга чакырган комментарий, чагымчыл билдирүүлөр тарап жатканын маалымдады.
Буга байланыштуу атайын кызмат Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышкан же террористтик даярдыктан өткөндөргө кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертүүдө.
Тагыраагы, эгерде жарандын куралдуу кагылышууга катышуу же ал жакка баруу ниети болсо, ал Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси менен беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат. Ошондой эле 416-берене менен жети жылдан 10 жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик уюмдар. Тизме