Ош шаардык мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат

Автобусту айдап бара жаткан айдоочу. Архивдик сүрөт
Жумушка D категориясы бар жана 3 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ айдоочулар талап кылынат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы айдоочуларды ишке чакырат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жумушка жаңы алынган айдоочулар Ош шаарына алып келине турган жаңы автобустарды айдаганга керек болууда. Жумушка орношууну каалагандардын айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы жана 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек.
Ош шаардык мэриясы каалоочулар толук маалымат алуу үчүн 0(553)407046, 0(500)040661, 0(557)060601 номерлерине кайрылса болорун белгилешти.
Аялдар автобусту жууп жатышат. Архив
Бишкек мэриясы автобус жууганга жумушка чакырат. Шарттары