Путин Ордо менен Батыштын баскынчыларын салыштырды

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Батыш баскынчылары Ордодон айырмаланып орус маданиятын, тилин жана салтын жок кылгысы келген. Эгер маданият бузулса, анда бүтүндөй эл жоголот. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Коомдук палатанын мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.
Ал Александр Невский Батыш баскынчыларына эффективдүү каршылык көрсөтүү үчүн алгач Ордонун хандарына баш ийгенин эске салды.
"Эмнеге? Анткени ордолуктар мыкаачы болгону менен эң башкы нерсеге: тилге, маданиятка, салтка тийишкен эмес. Бул эң маанилүү нерсе, анткени элдин маданияты, салты жана тарыхы бузулса, анда эл дагы акырындык менен жазда жааган соңку кардай жоголот", — деди Путин.
Эрдоган: Газадагы кан төгүүгө АКШ, Батыш жана алардын камчысын чапкандар жоопкер