Жаңы дайындалган мэр шаардыктарды кайсы күнү кабыл алары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын жаңы дайындалган мэри Айбек Жунушалиев шаардыктарды ишемби күнү саат 10:00дөн 14:00гө чейин кабыл алат.
Мэр менен жолугуу үчүн алгач Чүй проспекти, №166 дарегинде коомдук кабылдамага барып жазылуу керек. Бул үчүн паспорт жана башка документтер керектелет.
Сурап-билүү үчүн телефон номери: 61-07-05.
Автобустарда накталай төлөм 25 сомго көтөрүлбөй калды. Мэриянын түшүндүрмөсү