Ливандык кыймылдын катчысы: "Хезболла" менен Израиль ортосунда согуш чыгышы мүмкүн

"Хезболла" лидери эгерде Израиль Ливанга кол салууга батынса тарыхындагы эң чоң ката кетирерин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Хезболла" менен Израилдин ортосунда масштабдуу согуш чыгышы ыктымал. Мындай пикирин ливандык кыймылдын башкы катчысы Хасан Насралла билдирди.
Ал бүгүн Палестина-Израиль кагылышуусу башталгандан бери биринчи жолу сүйлөдү.
Насралла араб жана ислам өлкөлөрүн Израиль менен алаканы үзүүгө, мамлекетке мунай жеткирбөөгө чакырган.
Ошондой эле ал Ливан менен Израилдин ортосундагы фронттогу бардык өзгөрүүлөргө даяр турушарын, түрдүү жагдайлар болушу мүмкүндүгүн белгилеген.
"Мен чындыкты ачык жана так айтам: биздин ливандык фронтто бардык жагдайлар жана мүмкүнчүлүктөр ачык", — деген Насрулла.
"Хезболла" лидери эгерде Израиль Ливанга кол салууга батынса тарыхындагы эң чоң ката кетирерин эскертти.
Адамзатка каршы кылмыш! Эрдоган Газадагы конфликт тууралуу