Кыргызстандагы банктар 9 айда дээрлик 18,6 млрд. сом киреше тапты

Өткөн жылдын бул мезгилинде көрсөткүч 17 миллиард 175 миллион сомду түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы банктар ушул жылдын тогуз ай аралыгында 18 миллиард 571,3 миллион сом таза киреше табышты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында көрсөтүлгөн.
Анда белгиленгендей, өткөн жылдын бул мезгилинде көрсөткүч 17 миллиард 175 миллион сомду түзгөн.
Сентябрдын аягына карата өлкөдө коммерциялык 23 банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Алардын 320 филиалы бар экени айтылды.
Буга чейин Банктар биримдиги өткөн жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго (2021-жылдагыдан беш эсе көп) жеткенин билдирген. Улуттук банкта 2022-жылдагы киреше бир аз башка суммада – 23,1 миллиард деп көрсөтүлгөн. Бул эсептөө системасынын түрдүүлүгүнөн улам болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, 2022-жылы банктардын таза кирешеси март айынан баштап өскөн (айына 1 миллиард сомдон көп).
Кыргызстандын банктары акчаны кайда жумшоосу керек? Эксперттин кеңеши