Радио

Кыргызстанда көк бөрү сүйүүчүлөр арасында лига түптөлөт

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев республиканын ар бир айылында көк бөрү ойнолуучу аянтча болушу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда көк бөрүнү сүйүүчүлөр арасында лига түптөлөт. Жаш курагына жараша бөлүнүп, жылда бейрасмий мелдештер өтүп келет. Эми улакчылардын башын бириктирип, атайын аянтча түзүп, жогорку деңгээлде мелдештерди өткөрүү пландалып жатканын Рамис Жунусалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бизнесмен, меценат, ишкерлер аталардан мурас калган улуттук оюнду жайылтууга жардам берип, аймактарда тай казан орнотуп берсе, көк бөрүнүн деңгээли мындан да бийиктейт.
"Кыргызстанда көк бөрүгө кызыккандар абдан көп. Жылдан-жылга командалар көбөйүп, атаандаштык күчөдү. Бирок улакчылар үчүн шарт түзүлсө, сапат жакшырат эле. Мисалы, учурда ар бир айыл аймактарында жасалма чөп төшөлгөн кичи футбол талаалары жасалып жатат. Анын болжолдуу баасы 30-40 миң долларды чапчыйт. Эмне себептен көк бөрү үчүн андай шарт түзө албайбыз? Бизнесмен, меценат, ишкерлер аталардан мурас калган улуттук оюнду жайылтууга жардам берип, аймактарда тай казан орнотуп берсе көк бөрүнүн деңгээли мындан да бийиктейт эле. Көк бөрүнүн учурдагы өнүгүшүн эске алып, сүйүүчүлөр арасында лига түптөөнү карап жатабыз. Анткени өлкөдө жаш курактарына жараша бөлүнүп, жылда расмий эмес мелдештер өтүп келет. Эми алардын башын бириктирип, атайын аянтча түзүп, жогорку деңгээлде мелдештерди өткөрүү керек", — деди Жунусалиев.
Ошондой эле адис учурда сапаты жогору, жаракатсыз оюн көрсөтүүгө ылайыкташкан заманбап тай казан жасалып, анын болжолдуу баасы 1 миллион сомдун тегерегинде экендигин кошумчалады.