"Финико" каржы пирамидасын уюштургандардын бири Түркиядан кармалды

43 жаштагы С.А. аттуу аял 2022-жылдын ноябрь айынан бери эл аралык издөөдө болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда "Финико" аттуу каржы пирамидасын уюштургандардын бири Түркиядан кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 43 жаштагы С.А. аттуу аял 2022-жылдын ноябрь айынан бери эл аралык издөөдө жүргөн.
"Ал каржы пирамидасын уюштуруп, бир нече адамды ири суммага алдап кеткен. Алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аялды Анталья шаарынан Интерпол колго түшүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин "Финиконун" үч мүчөсү Грузия, Россиядан кармалган.
Ички иштер министрлиги 2019-2021-жылдар арасында бул компанияга жүздөн ашык кыргызстандык акчасын салып, жалпысынан 1 283 000 долларга алданганын билдирген. Милициянын версиясы боюнча, уюмдун жетекчилик курамында 6 киши болгон, алар 2019-2021-жылдары элдин акчасын алып сызга отургузуп кеткен.
Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, "Финико" компаниясы 2019-жылы Россиянын шаарларынын биринде алгач мыйзамдуу инвестициялык фирма катары түзүлгөн. Ал ай сайын 30 пайызга чейин кирешени көбөйтүп берүүнү убадалап келген. Шылуундуктун натыйжасында Россияда эле келтирилген зыян ондогон миллион долларды түзгөн.
ИИМ Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштурган ишканаларды тизмектеп берди