Туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн Кыргызстанда инклюзивдик жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүү — учурдун талабы. Бул тууралуу Эрмек Ашыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Жашыл экономиканы өнүктүрүү" программасынын алкагында ар кыл иш-чараларды өткөрүү белгиленген.
"Климаттын өзгөрүүсүнүн шартында жашыл энергетиканы, туруктуу айыл чарбаны, туруктуу туризмди жана жашыл транспортту өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу болуп турат. Потенциалдуу демилгелерди аныктоо үчүн жеке сектор менен өкмөттүн биргелешкен диалогуна муктаждык өсүүдө. Инклюзивдик жашыл экономиканын принциптерин алдыга жылдырууга жеке сектордун, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жигердүү тартуу үчүн Экономика жана коммерция министрлиги "Кыргызстанда жашыл экономика күндөрү - 2023" демилгесин баштады. Бул демилге 1-ноябрда башталып, 30-ноябрга чейин уланат. Демилге өлкөнүн бардык кызыкдар тараптарын жана аймактарын камтыйт. Иш-чаранын алкагында 16-ноябрда Бишкек шаарында "Жашыл экономика — 2023" аймактык форуму өтөт. "Жашыл экономика күндөрү – 2023" учурдагы кыйынчылыктарды жеңүүгө көмөк көрсөтүү жана өлкөдөгү жашыл экономиканын принциптерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү маселелерине токтолот", — деди Ашыров.
Ал "Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын 2019-2023-жылдарга карата өнүктүрүү" программасы андан ары ишин улантарын кошумчалады.