Эне-балдарды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Эне-балдарды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды.
Өкүмдү Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды. Мындан тышкары, Аширалиев жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн үч миллион сом жана материалдык чыгым тарттырганы үчүн 670 миң сом төлөмөр болду. Мындай жазаны жабырлануучу тарап, прокурор сураган. Соттолуучу өзү аягына чейин күнөөсүн мойнуна алган жок.
Сот отуруму дээрлик төрт айга созулду. Жараянда айыпкер маркум аял менен 2012-жылдан бери жакын мамиледе жүрүп, бир уулдуу болгону аныкталды.
Быйыл 16-февраль күнү 5-кичи райондо 51 жаштагы Алтынай Канзаманова өз үйүндө 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу үчөө өлтүрүлгөн.
Аширалиев 37 жашта, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. УКМКда 16 жыл иштеп кеткен. Соңку шайлоодо ЖК депутаттыгына талапкерлигин койгон.
Эне-балдардын өлүмү. Адвокат айыпкер Аширалиевди актоого аракет кылды