Ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6 миңден ашык орун бөлүндү

Муфтият дагы кошумча орун сураганын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. 2024-жылдагы ажылыкка Кыргызстандан бара турган зыяратчыларга 6 060 орун бөлүндү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаев баштаган муфтияттын өкүлдөрү Сауд Арабиянын Ажылык министрлигинин алдындагы Ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен жолугушкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бадир Аль-Сулами Кыргызстанга 6 060 квота бөлүнгөндүгүн айтып, 2024-жылы ыйык Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүн тейлөөдө 17 мекеме иш алып бара тургандыгын кошумчалаган.
"Булардын ичинен өзүңүздөргө ылайык мекеме менен келишим түзүп, алардын баасына жана тейлөө сапаттарына жараша тандап алсаңыздар болот. Эң негизгиси, ажылык мезгилинде Сауд Арабиянын мыйзамдары так сакталуусу зарыл. Бирок Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу иштерине ыраазы болуп келебиз", — деген Бадир Аль-Сулами.
Муфтият 6 060 расмий квота экенин, дагы кошумча орун сураганын билдирди.
Эске салсак, кийинки жылга карата зыяратчыларды каттоо 9-20-ноябрь аралыгында өтөт.
9-ноябрдан тарта ажылык сапарга каттоо башталат