БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында 225 окуучуга ылайыкташкан эки кабаттуу жаңы мектеп салынып бүттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин окуучулар 1985-жылы ашар жолу менен курулган мектепте билим алышчу. Бирок анын эскилиги жетип, полу тешилип, шыптары ийилип авариялык абалга келген.
Мындан улам 2019-жылы айылга жаңы мектеп салына баштаган. Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 225 окуучуга ылайыкталып, 12 класстык бөлмөсү жана ошондой эле спорт зал, жыйындар залы, ашкана, чечинүүчү жай, китепкана, медициналык кабинеттери бар экени айтылды.
Мектептин жалпы сметалык баасы 784 миң 405 долларды түзүп, ал "Сауд өнүктүрүү фонду" тарабынан каржыланганы кошумчаланды.