Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: АКШ коррупциядан улам Украинанын элитасын алмаштырууну көздөөдө

Путин Украинадан Жакынкы Чыгыш менен талибдерге курал-жарактын сатылышын коррупциянын элементи катары сыпаттады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Украинада коррупция дээрлик мыйзамдашып калган. Батыштын аны менен күрөшүүгө күчү жетпейт. Алар Украинадагы саясий жана экономикалык элитаны алмаштырууну көздөөдө. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.
"Украинадагыдай коррупция дүйнөнүн бир дагы жеринде жок. Мен бул өлкөнүн мурдагы жетекчилери менен тыгыз байланышта болчумун. Ар бир нерсенин өзүнүн ставкасы бар, баары сатылат... Ал жакта (Украинада) коррупция мыйзамдашып калган. Америкалыктар бул коррупция менен күрөшүүгө аракет кылып жатат. Бирок алардын колунан эч нерсе келбейт", — деди Путин РФ Коомдук палатасынын өкүлдөрү менен жолугушууда.
Ал ошондой эле Украинадан Жакынкы Чыгыш менен талибдерге курал-жарактын сатылышын коррупциянын элементи катары сыпаттады.
Путин Ордо менен Батыштын баскынчыларын салыштырды