Чет элдик жарандан акча опузалаган деп беш милиционер кармалды

УКМК кызматкерлери Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында жана ШИИБде тинтүү жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Акча талап кылган делип Бишкек милициясынын беш кызматкери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Алдын ала билдирүү боюнча, милиционерлер чет элдик жарандан 4 миң доллар акча алмай болушкан.
"Кечээ Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында жана ШИИБде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматында иштегендер УКМКга жеткирилген. Алардын арасында ИИБ тергөөчүсү да болгон. Кармалгандар чет элдик жарандан акча талап кылган деп шектелүүдө. Факт боюнча кылмыш иши козголгон", — деп жазылат кабарда.
2 000 доллар пара талап кылган. Токмокто милиция кызматкери кармалды