БУУнун Балдар фонду Израилдин Газа лагерин бомбалоосун кыргын деп атады

БУУ Израилдин Жебалияны аткылашы аскердик кылмышка теңелиши мүмкүндүгүн эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. ЮНИСЕФ (Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду) Израилдин качкындардын Газада жайгашкан Жебалия лагерин бомбалаганын кыргын салуу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Газадан кечээ жана бүгүн (шейшемби жана шаршемби) сокку урулгандан кийинки түшүп жаткан кыргындын көрүнүштөрү төбө чачты тик тургузуп, үрөйдү учурат", — деп айтылат уюмдун комментарийинде.
ЮНИСЕФтен каза тапкан балдардын саны боюнча так маалыматтын жоктугунан улам "биздин пикирибизче, жүздөгөн киши жаракат алып, өлтүрүлдү" деп билдиришти. Алдын ала кабарларга таянсак, алардын арасында жашы жетелектер ого эле көп.
Буга чейин Рейтер агенттиги ХАМАС кыймылына шилтеме кылып, кеминде 195 киши өмүрүнөн ажырап, дагы 777си Газадагы качкындар жайгашкан Жебалия лагери бомбаланганда каза болгонун айткан. Бул кандуу кадамды Израиль шейшембиден шаршембиге караганда жасаган.
Шейшемби күнү Газанын Ички иштер министрлиги Жебалиядагы бомбалоо 400 кишини өлтүргөнүн кабарлаган. Министрлик жабыркагандардын арбыны жаш балдар, аялдар экендигин кошумчалаган. Израилдин Коргоо министрлигинин өкүлү Ричард Хехт ХАМАСтын командирин жок кылууга аракет кылып жатканда Жебалияны бомбалагандыгын айтып, ал эми жай тургундардын көз жумушун "согуштун трагедиясы" деп атаган. Ал элдин каза болушуна жоопкерчиликти палестиналык кыймылдын жетекчисине жүктөгөн.
БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссарлык башкармалыгы Израилдин Жебалияны аткылашы аскердик кылмышка теңелиши мүмкүндүгүн эскерткен.
"Чек арасыз дарыгерлер" Газадагы качкындарга Израилдин сокку урганына үн катты