Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Туңгуюк. Украина күчтөрүнүн башкы командачысынын күтүүсүз билдирүүсү

Аскердик жетекчи абалдан бир гана нерсе — техникалык кескин секирик сактап каларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн секирик жасай албай калышынан улам Украинадагы чатак туңгуюкка кептелди. Бул туурасында аталган өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный Economist журналындагы маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Биринчи дүйнөлүк согуштагыдай болуп биз дагы туңгуюкка кептей салган технологиялардын өнүккөн деңгээлине тушуктук. Терең жана көз кубанткан секирик, кыязы, жасалбайт окшойт", — деген ал.
Залужныйдын айтымында, ал бир топ убакытка чейин эмнеге аскердик күчтөр ийгиликке жете албай келгенин түшүнгөн эмес. "Бардык эсептер боюнча" төрт ай мурда эле Крымга жетип, аны алып, кайра артка кайтып калышы керек эле. Башкы командачы анын ордуна украиналык аскерлер мина талааларында туруп калганын, ал эми батыштык техниканы россиялык артиллерия атып түшүрүп жатканын байкап тургандыгын айткан.
"Алгач кеп командирлердеби деп, алардын бир нечесин алмаштырдым. Андан кийин, кыязы, биздин жоокерлер жарабайт окшойт деп ойлодум", — деген генерал.
Жыйынтыгында башкы командачы кырдаал туңгуюкка кептелгендигин, сактап кала турган бир гана нерсе — техникалык кескин секирик экенин айткан.
"Эң жөнөкөй факт — каршылаш тарап менен бири-бирибиздин эмне жасап жатканыбызды көрүп турганыбыз. Туңгуюктан чыгыш үчүн жаңы нерсе керек. Мисалы, кытайлыктар иштеп чыккан ок-дарыны биз алигече бири-бирибизди өлтүрүү үчүн колдонуп келе жатабыз", — деген ал.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 2023-жылдын 4-июнунда НАТО даярдаган бригадалар жана Батыш техникасы менен Запорожье, Түштүк-Донецк жана Артемовск багыттарында согушка кирген.
Владимир Путин каршылаш тараптын күчтөрүн алдыга жылдыруу планы оңунан чыкпай, аскерлерди токтотушуп мурдагы ээлеген позициясына кайтарышкандыгын айткан. Россия атайын операцияда коюлган максатына жетүү үчүн ишенимдүү, бир калыпта бара жатканын, коюлган тапшырмалардын бардыгы аткарыларын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина күчтөрү контрчабуулду эмнеге токтотконун айтышты