"Учур" мамлекеттик театрынын имараты толук оңдоп-түзөөгө муктаж. Театрдын чыгармачыл тобу 13 жылдан бери имараттын суугуна, шартына карабастан бардык күчүн, талантын жумшап, чоң спектаклдерди коюп жатканын Шаршен Шейшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, театрдын эмгек штатынын чектелүү экенине карабай ири чыгармалары менен конкурс, фестивалдарда атаандашып, байгелүү орундарды камсыз кылууда.
"2010-жылы "Учур" театры Улуттук телерадио корпорациясынан чыгып, Маданият министрлигине өттү. Тиешелүү бардык документтерин калыбына келтирип "Чатыр-Көл" кинотеатрын толугу менен театрга алганбыз. Спектаклдерди койгонго шарт болбогону үчүн колдон келген шаймандарды алып келип, ойноп баштаганбыз. Тилекке каршы, ал жерде эч кандай оңдоп-түзөө иштери болгон эмес. Ичи суук болгону үчүн актёрлор күн жылууда гана даярдык көрүп, калган учурда башка театрлардын сахнасында көчүп-конуп жүрөбүз. Ага карабастан изденип, жанрдык өзгөчөлүктөрдү кошкон эксперименталдык театрга айлана алдык. Театрдын эмгек штатынын чектелүү экенине карабай ири чыгармалары менен конкурс, фестивалдарда атаандашып, байгелүү орундарды камсыз кылууда", — деди Шейшенов.
Ошондой эле адис "Учур" театры жаш актёрлор үчүн күчтүү мектеп болуп, чыгармачылыгын андан ары өркүндөтүүгө чоң секирик экендигин кошумчалады.