Ташиев: Кыргызстанда мындан ары Көлбаев деген мафия болбойт!

УКМК Көлбаев менен байланышы бар 60 мамлекеттик кызматкерди аныктаганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мындан ары Көлбаев деген мафия болбойт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы салынган имаратынын ачылышында сүйлөдү.
"Биздин мамлекетте мындан ары Көлбаевдин мафиясы, Матраимовдун мафиясы жана башкалардын мафиясы болбойт! Мамлекетибиз таза, мыйзамдуу, стабилдүү, тынчтык заманда жашашы керек. Мамлекетибизде жөнөкөй адамдар, өз эмгеги менен кызмат кылган, өз эмгеги менен акча тапкан бизнесмендер, мамлекеттик кызматкерлер жакшы жашашы керек", — деди Ташиев.
Ал бүгүнкү күндө УКМК Көлбаев менен байланышы бар 60 мамлекеттик кызматкерди, бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктаганын белгиледи. Ташиевдин айтымында, жалпы жонунан 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топ, криминалдык элементтер жана коррупция менен байланышы болгон үчүн иштен бошотулуп жатат.
"Бир дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү парламентте, айыл өкмөттө, айылдык, шаардык кеңештерде, дегеле мамлекеттик кызматтарда иштебеши керек", — деди төрага.
Ташиев бул масштабдуу иш-чара мамлекеттик органдарды тазалоонун негизинде жүрүп жатканын айтты.
Ташиев: Райым Матраимов өлкөдө Matiz айдап жүрүшү керек