Шайлоого келгендерге жол кире, интернетти бекер кылалы. Депутаттын сунушу

Эл өкүлү бул ыкманы алгач эксперимент катары бир аймакка киргизүү зарылчылыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Шайлоого катышкандарга бир айлык жол кирени бекер кылып, 1 ГБ акысыз интернет же электр энергиясына жеңилдик берип көрбөйлүбү? Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков берди.
Ал ушундай чаралар шайлоочуларга добуш берүүгө катышууга стимул болот деп эсептейт. Ыкманы шайлоого көп келбеген студенттер менен пенсионерлерге колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Эл өкүлү алгач бир аймакка эксперимент кылып көрүүнү сунуштады.
Демилгени БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова да колдоду. Ал ведомстволор аралык жумушчу топтон шайлоолорду жекшембиде эмес, шаршембиде өткөрүү сунушу түшкөнүн кошумчалады. Анда бул дем алыш күн катары жарыяланат. Айрым өлкөлөрдө ушундай норма бар экенин айтып, Кореяны мисал келтирди.
Депутат Ашимова кара куурайды өрттөбөй андан дары чыгарууну сунуштады