Улуттар ортосуна көпүрөсүздөр. Жапаров маданият кызматкерлерин куттуктады

Кыргызстанда 2-ноябрда маданият жана искусство ишмерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, аларга жан дүйнөнү байытып, жашоону жарык кылган чыгармалары үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчынын куттуктоосунун текстин таратты.
"Көркөм өнөр чеберлери улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда жана сактоодо маанилүү роль ойной турганын коомчулук жакшы билет. Сиздер элибиздин үрп-адатын, руханий маданиятын жана тарых-таржымалын тереңден түшүнүүгө, ошону менен катар социалдык-маданий байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болуп келесиздер. Өз ара түшүнүшүүгө жана дүйнө бейпилдигине көмөкчү болуу менен бирге ар кыл маданияттар, ар түрдүү улуттар ортосуна көпүрө болуп, алака-мамилени чыңдайсыздар", — деген президент.
Өлкө башчы маданият жана искусство каада-салтты, аны менен кошо элибиздин келечекке умтулууларын чагылдырган коомдун күзгүсү экенин белгилеген.
Маданий шедеврлерди жараткан кыргыз искусствосу дүйнөлүк маданияттын казынасына зор салым кошуп келгенин айткан Жапаров кыргыз жазуучуларынын, сүрөтчүлөрүнүн, артисттеринин, кинематография өкүлдөрүнүн ысымдары чет өлкөлөрдө дагы кеңири белгилүү экенин эске салган.
Ажайып сүрөттөрдү жараткан кыл калем ээлери, жан дүйнөнү эс алдырган музыканттар, турмуш агымын дал ошондой кылып ойногон актерлор жана жашоого көрк берип, шыктандырган чыгармаларды жараткан бардык кыргызстандык таланттар менен сыймыктанарын айткан.
"Жан дүйнөбүздү байытып, жашообузду жарык кылган чыгармачылыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин жараткан эмгегиңиздер, маданий мурастарды сактоого жан үрөгөн күч-аракетиңиздер жана чыгармачыл идеяларыңыздар жүрөгүбүздө өчпөс из калтырарына терең ишенем", — деген ал куттуктоосунун соңунда.
Ишенимди актоо мезгили келди. Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин куттуктады