Ош шаарында көмүрдүн тоннасы 6 500 сомдон ашпашы керектиги эскертилди

Ош шаардык мэриясы чекене сатылган учурда көмүрдүн бир килограммынын баасы жети сомдон кымбат болбошу керектигин белгилеген. Баа 90 күнгө бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ош шаарында сатылып жаткан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан маалымдалды.
Билдирмеге ылайык, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев мэриянын тийиштүү өкүлдөрү менен биргеликте Мамыров көчөсүндөгү жана Ак-Тилек кичи районундагы көмүр сатылып жаткан жайлардагы бааларды текшерип, көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"25-октябрдан тарта өлкөдө чыккан көмүрдүн бирдиктүү баасы (90 календардык күнгө) белгиленген. Ага ылайык, анын наркы тоннасына 6 500 сомдон, чекене баасы бир килограммга жети сомдон ашпоо керек. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда түшүндүрүү иштери менен көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү, белгиленген бааларды колдонуу боюнча көзөмөл улантылат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле учурда Ош шаарында көмүрдүн баасы туруктуу болуп жатканы кошумчаланган.
Баткенде арзан көмүр саткан кампалар ачылды. Даректери