Пресс-борбор

Өлкөдө июлдан бери кызамыктан үч бала көз жумду

Маалым болгондой, каза болгон балдардын ата-энелери ооруга каршы эмдөөдөн баш тартып коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылдын июль айынан бери кызамыктан үч бала көз жумду. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлиги кандай чара көрүп жатат?" аттуу брифингде сүйлөдү.
Ишенапысованын айтымында, кызамыктан көз жумган балдардын ата-энелери ага чейин эмдөөдөн баш тартып коюшкан.
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
"Оорудан көз жумгандардын эң кичинекейи бир жашта болсо, экөө 4, 13 жаштагы балдар", — деди ал.
Жыл башынан 1-ноябрга чейин Кыргызстандын аймагында 3 289 адам кызамык оорусуна чалдыккан. Алардын басымдуу бөлүгү 4 жашка чейинки балдар жана эмдөөдөн өтпөгөн окуучулар. Ишенапысова кызамык коркунучтуу илдет экенин айтып, ата-энелерди балдарын эмдетүүдөн баш тартпоого чакырды.
Учурда Бишкекте бир менчик мектеп кызамыктан улам карантинде экени кошумчаланды.
Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда