Made in KG брендине логотип жасоого сынак жарыяланды. Байгеси 50 миң сом

Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте "Кыргызстанда жасалган" улуттук брендинин логотибин түзүү боюнча сынак жарыялады.
Дизайнерлерге заманбап, оригиналдуу, оңой таанылуучу логотип ойлоп табуу талабы коюлду. Сынакка катышууну каалагандар 15-ноябрга чейин жасаган эмгегин info@cci.kg электрондук дареги боюнча жөнөтүшү шарт. Болбосо Бишкектин Киев көчөсү, 107 дареги боюнча келип тапшырса болот. Калыстар тобу карап, жыйынтыгын ушул айдын аягына чейин чыгарат.
Логотиби улуттук бренд катары кабыл алууга дал келген дизайнер сынактын жеңүүчүсү деп табылып, 50 миң сом менен сыйланат.
Өлкөдө канча адам чакан жана орто ишкерлик менен алектенери айтылды