БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан жана "Газпром" ишканасы Санкт-Петербургда өткөн газ боюнча эл аралык форумда өлкөдө газ тармагын өнүктүрүү жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгү маалымдады.
Документ газ тармагында узак мөөнөттүү кызматташууга, ошондой эле энергетика жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө багытталган. Меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев менен "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер кол коюшкан.
Ибраев Кыргызстан "Газпром" өлкөдө мунай жана газ өндүрүп, кыргызстандыктарды ошол эле газ менен камсыз кылып, мунайды кайра иштетүүнү каалай турганын белгилеген. Ал 2014-жылы "Кыргыз газ" "Газпромдун" карамагына өткөн учурда өлкөдө газдаштыруунун деңгээли 22 пайыз болсо, бүгүнкү күндө 38 пайызга жеткенин кошумчалаган.
Ал компания өлкөнүн газ тармагына ири суммада инвестиция жасап жатканын да белгилеген.