Пресс-борбор

Кыргызстанда тогуз айда 17 миң адам эмдөөдөн баш тарткан

Айрымдар вакцинаны диний себептерден улам сайдырбаса, кээ бирлер вакцинанын сапатынан күмөн санап коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда тогуз ай ичинде эмдөөдөн баш тарткан 17 миң учур катталган. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлиги кандай чара көрүп жатат?" аттуу брифингде сүйлөдү.
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
"Ушул жылдын тогуз айында эмдөөдөн баш тарткан 17 миң учур катталды. Анын 47 пайызы диний себептерге байланыштуу (мурда 70 пайызга чейин болчу). 49 пайыз адам вакцинанын сапаты жана коопсуздугунан күмөн санап баш тартышкан. Буга чейин бул көрсөткүч 30 пайызды түзчү", — деген Ишенапысова.
Ал эмделбеген балдардын көбү эми мектепке барарын айтып, мыйзам боюнча, эпидемиологиялык абал курчуп турганда вакцина албаган балдар убактылуу билим берүү мекемелеринен четтетилип турарын белгиледи.
Ишенапысова эмделбеген балдардын ата-энелерин каникул учурунда бир нече ооруга каршы вакциналарды алып коюуга чакырды.
Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда