Пресс-борбор

Кыргызстандыктар Дүйнөлүк жаштар фестивалына катыша алат

Каалоочулар каттоого туруп, тандоо турунун бир нече этабынан өтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык 300 адам Дүйнөлүк жаштар фестивалына (ДЖФ) катыша алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси, КРдин аталган фестивалга даярдык көрүү боюнча улуттук комиссиясынын төрага орун басары Аскар Шайкидинов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси, КРдин аталган фестивалга даярдык көрүү боюнча улуттук комиссиясынын төрага орун басары Аскар Шайкидинов
"Учурда миңге жакын кыргызстандык каттоодон өттү. Бул аздык кылат. Жарандарды активдүү катталууга чакырам. Кыргызстанга 300 квота берилген. Бул биздин жаштарга өзүн көрсөтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк", — деди Шайкидинов.
Каалоочулар фестивалдын расмий сайтынан каттодон өтө алышат.
Каттоодон кийин тандоо туру болот. ДЖФнын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Мария Прокофьева билдиргендей, балдар менен чоңдор үчүн катышуу эрежелеринде айырма бар.
ДЖФнын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Мария Прокофьева
"Балдарды тандоо бир нече этап менен өтөт. Өзүнүн бардык артыкчылыктарын атоо менен портфолио түзүп, бала өзү тандаган багыт боюнча онлайн-тестирлөөдөн өтөт. Андан соң бирдиктүү рейтинг түзүлөт. Тандоо турунан өткөндөрдүн потенциалын аныктоо үчүн онлайн-баарлашуу уюштурулат. Ал эми жаштарды тандоо бир топ жеңил. Мында дагы портфолио керек. Андан соң фестивалдын мааниси тууралуу эссе жазылып, видеовизитка жөнөтүлөт", — деди Прокофьева.
Фестивалдын негизги бөлүгү 1-7-март аралыгында Сочиде өтөт. Анда чоңдор жана балдар үчүн эки бонустук программа камтылган. 17-мартка чейин аймактык программа уюштурулат. Анын алкагында тандоодон өткөн эки миң чоң бала Россиянын 30 шаарын көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми кичинекей балдардын арасынан 100ү тандалып, билим берүү программасына катышат.
Радио
2024-жылы Сочи шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы өтөт