ИИМ: Чүйдө чет элдиктер ижарага алган үйдө баңгизат лабораториясын уюштурган

Милиция 20 миллион сомго бааланган мефедрондун 22 миң дозасынын жайылып кетишине бөгөт койду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кустардык жол менен синтетикалык баңгизат даярдаган жашыруун нарколабораторияны жок кылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
1 / 6

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кустардык жол менен синтетикалык баңгизат даярдаган жашыруун нарколабораторияны жок кылды

2 / 6

Баңгизат Бишкек менен Чүйгө жайылтылып келген. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм 790 граммдык мефедрон психотроптук каражаты жана 425 килограммдан ашык прекурсор алынган

3 / 6

Баңгизат лабораториясы Прохладное айылында жайгашкан. Аны 24 жаштагы Г.Д. менен 29 жаштагы П.А. аттуу чет элдик жарандар уюштурган

4 / 6

Үйдүн ичинен мефедрон салынган полиэтилен пакети, белгисиз суюктук куюлган 25 канистр, аппараттар, насостор, тараза, чака жана башка түрдүү көлөмдөгү жана формадагы айнек идиштер табылган

5 / 6

Маалыматка караганда, 20 миллион сомго бааланган мефедрондун 22 миң дозасынын жайылып кетишине бөгөт коюлду

6 / 6

Кылмыш иши козголуп, кармалгандар Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилди

Баңгизат Бишкек менен Чүйгө жайылтылып келген. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм 790 граммдык мефедрон психотроптук каражаты жана 425 килограммдан ашык прекурсор алынган.
"Баңгизат лабораториясы Прохладное айылында жайгашкан. Аны 24 жаштагы Г.Д. менен 29 жаштагы П.А. аттуу чет элдик жарандар уюштурган. Алар жеке турак жайды ижарага алып жашап жүрүшкөн. Үйдүн ичинен мефедрон салынган полиэтилен пакети, белгисиз суюктук куюлган 25 канистр, аппараттар, насостор, тараза, чака жана башка түрдүү көлөмдөгү жана формадагы айнек идиштер табылган. П.А. синтетикалык баңгизатты даярдоо үчүн материалдарды соцтармактардан сатып алып жүргөн", — деди ИИМ.
Маалыматка караганда, 20 миллион сомго бааланган мефедрондун 22 миң дозасынын жайылып кетишине бөгөт коюлду. Кылмыш иши козголуп, кармалгандар Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилди.
Ноокатта баңги топтун иши бөгөттөлүп, 20 кг нашаа, 10 кг апийим алынды